Site icon Reporter.kg

Сууга туура эмес секирүү өлүмгө же майыптыкка алып келет – видео

Сууга туура эмес секирүү өлүмгө же өмүр бою майыптыкка алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Улуттук госпиталдын кайра жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Гүлжан Жүзүмалиева билдирди.

Анын айтымында, биринчиден ата-энелер балдары менен сүйлөшүшү керек. Пансионатта көзөмөл жүргүзгөн кызматкерлер эскертүү бериши зарыл. Ошондой эле, пирстин тереңдигин текшерүү керек.

“Балдар сууга секиргенде моюндун омурткалары сынып кетип жатат. Омуртканын ичинде жүлүн бар, ал үзүлүп кетпесе дагы доо алат. Жүлүнгө доо кеткенде эч ким эч нерсе кыла албайт. Бизге 17-18-23-42 жаштардагы адамдар түштү. Бардыгы пирстен секирип, моюндары сынган. Аларды Чолпон-Атадан бизге тез жардам кызматы менен алып келишет. Биз операция кылып, сынган омурткаларды алып салабыз, бирок жүлүндү эч нерсе кыла албайбыз.

Мындан кийин адамдар каза болуп калат. Кээ бири үйүнө чыгышат, бирок оор абалда болуп кийин өлүмгө алып келет. Анткени моюндагы жүлүнгө доо кеткенде моюндан ылдый организм иштебей калат. Өздөрү барын сезип, билип турганы менен колу-бутун кыймылдата албай, кыйналып калышат”, — деди Гүлжан Жүзүмалиева.

Ошондой эле, ал бул көйгөйдүн алдын алуу үчүн бардык тараптан маалымат берип, мектептерде тушүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ата-энелер жана пансионаттын кызматкерлери эскертүу бериши зарыл экенин белгиледи.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version