Суусамыр өрөөнүндө жол кырсыгынан бир адам каза болуп, 4 адам жабыркады

Суусамыр өрөөнүндө жол кырсыгынан бир адам каза болуп, 4 адам жабыркады

Бишкек-Ош унаа жолунун 191-чакырымында Мерседес-Спринтер унаасы жүк ташыган унааны артынан келип сүзүп, бир адам каза болуп, 4 адам жабыркаган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар каза болгон жарандын жансыз денеси унаадан чыгарышып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен, ал эми жабыркаган жарандар жолдо бараткан унаалардын жардамында Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Ага 6 куткаруучу тартылган.

Учурда жабыркагандар менен каза болгон адамдын өздүгү такталууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>