Site icon Reporter.kg

Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолун оңдоп-түздөө башталды

Бүгүн, 25-апрелде Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолун толук оңдоп-түздөөгө старт берилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жолдун оңдоло турган бөлүгү 93 км түзөт. Аталган унаа жол Талас облусунун Манас, Айтматов, Бакай-Ата жана Талас райондору аркылуу өтөт.

Жол калктуу конуштарда 4 тилкелүү, ал эми башка участокторунда 2 тилкелүү жол болуп кайра салынары айтылды. Ошондой эле долбоордо калктуу конуштарда жарыктандыруу, тротуар, светофорлор куруу каралган.

Exit mobile version