Кечээ Суусамырда Көкөмерен суусуна түшүп кеткен Махмут Сусузовдун сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Куткаруучулар маркумдун жасатын милицияга өткөрүп берди.
Махмут Сусузов Суусамырга балык уулоого барып, Көкөмерен суусуна түшүп кеткен.
ӨКМдин маалыматында, жыл башынан бери 46 адам сууга чөктү.