Суваналиев: Жапаровдун күзөтчүлөрү менен брондолгон унаасын мен алган эмесмин

Суваналиев: Жапаровдун күзөтчүлөрү менен брондолгон унаасын мен алган эмесмин

Өмүрбек Суваналиев октябрда Садыр Жапаровго берилген брондолгон автоунаа менен аны кайтарып жүргөн УКМКнын кызматкерлерин ал алып койду деген кептер жалган экенин айтты. 

Азаттык радиосунун “Эки бир” берүүсүндө маек берген саясатчы ал болгону техникалык эле катадан улам болгондугун билдирди.

Ошондой эле ал саясий иштерге аралашпай коомдук коопсуздукту сактоо тармагы менен алектенгенин айтты. 

 “Достук” мейманканасында өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровду, спикерликке Мыктыбек Абдылдаевди шайлашты деп расмий кабарлашкандан кийин дароо ошол жерден Садыр Жапаровго УКМК күзөтчүлөрдү берген.

Анан кийин жанагы легитимдүү, легитимдүү эмес деген нерсе башталды. Автоунаалар атайын брондолгон техника болгондуктан ал күндө гаражга келет. Тийиштүү кагаз жок болгондуктан ошол күнү алар гараждан чыкпай калган. Ошондо күч структурасын Суваналиев көзөмөлдөйт ошол машинелерди алып койду деп Жапаровго айтышыптыр. Ал кагазды премьер-министрдин аппаратынан же Жгорку Кеңештен бериши керек эле. Кийин кагазды беришти күзөтчүлөр кайра берилди. Бул эми техникалык эле нерсе”, — деди Суваналиев. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>