Суваналиев Жапаровдун «Текебаев пара алганы анык» деген сөзүн тастыктады — видео

Суваналиев Жапаровдун «Текебаев пара алганы анык» деген сөзүн тастыктады — видео

Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев “Азаттыктын” “Эки бир” программасына курган маегинде президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Өмүрбек Текебаевдин кылмыш иши боюнча айткандарын тастыктады.

Буга чейин Садыр Жапаров “7-каналдын” эфиринде Текебаевдин Маевскийден 1 млн доллар алганын бардык саясий элита билет, Кулов дагы билет. Кулов калп десе Өмүрбек Суваналиев тастыктап берет” деп айткан.

“2019-жылы Бегалы Наргозуев менен Алмамбет Шыкмаматов айтышып жатканда Наргозуев «мен билем Текебаев 1 млн доллар алган. Ошондо Модин эки генералга Кулов менен Субаналиевге барган» деп айткан. Негизи Наргозуевге мен айткам.

Анткени 2012-жылы “Ар-Намыс” партиясынан шаардык кеңешке депутаттыкка койгонбуз. Ошондо Куловдун офисинде отурчубуз. Ошондо Модин келип “Маевский менен чогуу Текебаевге 1 млн доллар бергенбиз, ошону алганга көмөктөшчү” деп Куловдон суранган . Андан чыккандан кийин мага келгенде баарын сурап алгам. Анда Текебаев Атамбаев менен шерик болуп бийликте болчу. Анан мен балдарга айткам карасаңар бийликте отугандар канча акча алып жатат деп. Андан кийин Равшан Жээнбеков деле интервью берип жүрдү. Саясатчылардын көбү беилет деп айтканы чын. Анткени Модин депутаттардын баарына барып келгенин айткан. Анан аны калп айтып эмне кылабыз”, – деди Суваналиев.

Буга чейин Феликс Кулов дагы Садыр Жапаровдун Өмүрбек Текебаевдин кылмыш иши боюнча айткандарына жооп кайтарып, «мени интригаларга аралаштырып, жалган көрсөтмө берүүгө үндөбө» деген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>