№13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү аяктады. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Саат 20:40 карата 81 шайлоо участогунан автоматташтырылган эсептөочү урналарынан маалыматтар 100% келип түштү.
Белгиленгендей, округда шайлоочулардын саны 124 миң 429ду түзөт, анын ичинен 62 миң 373ү эркектер (50,13%) жана 62 миң 56сы аялдар (49,87%).
Саясий өнөктүктө мандат үчүн 7 талапкер ат салышып, жалпы 81 шайлоо тилкесинде добуш берүү жүрдү.
Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары:
Кылычбаев Алтынбек Таирович – 10174 добуш (48,32%)
Сапарбаев Медербек Мусаевич – 3280 добуш (15,58%)
Сейдахматов Жыргалбек Орозбекович — 2493 добуш (11,84%)
Кошалиев Мелисбек Исманалиевич – 2435 добуш (11,56%)
Арапбаев Асилбек Ормонович – 1351 добуш (6,42%)
Лилиентал Юлия Викторовна — 749 добуш (3,56%)
Бейшенбек Саматович Бегматов – 212 добуш (1,01%)
Баарына каршы – 134 добуш (0,64%).
Эскерте кетсек, №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан 2021-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Тазабек Икрамов 19-июлда өз ыктыяры менен мандатын тапшырган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз