Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Сузак районунун аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланды. Мындай чечимди райондун акими Эрмекбай Омошев кабыл алган.

Өзгөчө кырдаал учурунда киргизилген тыюу салуулар жана чектөөлөр:

  • Коомдук тартипти сактоону, өзгөчө маанилүү мамлекеттик жана стратегиялык объекттерди, ошондой эле калктын жашоо-турмушун камсыздаган объекттерди коргоону жана унаалардын ишин көзөмөлдөөнү күчөтүү;
  • Ал массалык көп чогула турган объектилердин ишмердүүлүгүн токтотуу;
  • Сузак районуна кирүүгө, ошондой эле анын аймагынан райондук штабдын мүчөлөрүнөн тышкары транспорттун бардык түрлөрүнүн чыгуусуна  чектөө киргизүү.

Белгилей кетсек, Сузак районунда 3 адамдан коронавирус аныкталганын 18-мартта саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев тастыктады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>