Сузак районунда көпүрө жарактан чыгып калды

Сузак районунда көпүрө жарактан чыгып калды

Сузак районунда көпүрө авариялык абалга келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузак районунда 24-мартта Кара-Март айылынын Бай-Маала тилкесинде Кара-Март дарыясына салынган ички чарбалык унаалар өтүүчү көпүрөсүнүн жээктерин суу жууп кетип, авариялык абалга келтирген.

«Жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иш-чараларын жүргүзүп, аталган көпүрөдөн өтүүгө тыюу салып, атайын эскертүүчү белгилери орнотулган. Ал эми, Кара-Март айылынын тургундары айланма жолдор аркылуу өтүүдө”, — деп айтылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>