Site icon Reporter.kg

Сузакта 10 миң тургунду электр энергия менен камсыз кыла турган ГЭС ишке кирди

default

Жалал-Абаддын Сузак районунда «Көк-Арт» чакан ГЭСи ишке берилди. Анын ачылышына президент Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Кичи ГЭСтин курулушу 2023-жылдын августунда башталган. Гидроагрегаттын кубаттуулугу — 6,8 МВт. Жылына болжол менен 25 млн кВт/саат энергия иштеп чыгат.

Жапаровдун айтымында, ГЭСтин курулушуна 7,8 млн доллар сарпталган. Акчанын жарымын Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду, калганын жеке инвестор бөлгөн.

«Көк-Арттан» ГЭСи Сузак районунун 10 миңден ашык тургунун электр энергия менен камысз кыла алат.

Ал билдиргендей, «Исфайрам-1», «Белес», «Авлетим», «Лейлек», «Курак-Тектир», «Адын-Үңкүр», «Буйга», «Кожо-Кайыр», «Кара-Жыгач», «Ленинполь» жана «Аманат» ГЭСтери да ишке кирүү алдында турат. Аталган ГЭСтердин жалпы кубаттуулугу 140 мегаваттка жакын болот.

Exit mobile version