Сузакта 29 жаштагы тургунду өлтүрө сабаган адам изделүүдө

Сузакта 29 жаштагы тургунду өлтүрө сабаган адам изделүүдө

Сузак районунун 29 жаштагы тургунунун өлүмүнө себепчи болгон адам изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, 9-мартка караган түнү маркумду 20-25 жаштагы бала уруп, денесине залал келтирген.

Жабырлануучу алган жараатынан улам оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, 10-март күнү эсине келбей каза болгон.

Бул кылмышка  кикбоксинг менен машыгып,  рингге чыгып жүргөн Жалал-Абад шаарынын 22 жаштагы Абдурайимов Шухратбек Бахадрович аттуу тургуну шектелүүдө.

Ал жашырынып жүргөндүктөн сот тарабынан кармалган жерден камакка алуу чечими чыккан.

Жалал-Абад облустук милициясы кылмышка шектүү Абдурайимов Шухратбек Бахадровичтин жүргөн жерин же ал тууралуу маалыматы барлардан төмөнкү байланыш телефондору аркылуу кабарлап коюну суранат.

Телефондор: (03722) 102; ‎(0555) 102-305; (0777) 59-59-59

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>