Сузак районунун 29 жаштагы тургунунун өлүмүнө себепчи болгон адам изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматта айтылгандай, 9-мартка караган түнү маркумду 20-25 жаштагы бала уруп, денесине залал келтирген.
Жабырлануучу алган жараатынан улам оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, 10-март күнү эсине келбей каза болгон.
Бул кылмышка кикбоксинг менен машыгып, рингге чыгып жүргөн Жалал-Абад шаарынын 22 жаштагы Абдурайимов Шухратбек Бахадрович аттуу тургуну шектелүүдө.
Ал жашырынып жүргөндүктөн сот тарабынан кармалган жерден камакка алуу чечими чыккан.
Жалал-Абад облустук милициясы кылмышка шектүү Абдурайимов Шухратбек Бахадровичтин жүргөн жерин же ал тууралуу маалыматы барлардан төмөнкү байланыш телефондору аркылуу кабарлап коюну суранат.
Телефондор: (03722) 102; (0555) 102-305; (0777) 59-59-59