Сузакта 29 жаштагы тургунду өлтүрө сабап, издөөдө жүргөн адам кармалды

Сузакта 29 жаштагы тургунду өлтүрө сабап, издөөдө жүргөн адам кармалды

Сузак районунун 29 жаштагы тургунунун өлтүрө сабап, издөөдө жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, 9-мартка караган түнү маркумду 20-25 жаштагы бала ургандан кийин жабырлануучу ооруканадан каза болгон.

Бул кылмышка  шектүү катары кикбоксинг менен машыгып,  рингге чыгып жүргөн Жалал-Абад шаарынын 22 жаштагы Абдурайимов Шухратбек Бахадрович аттуу тургуну изделип жаткан.

28-май күнү издөөдө жүргөн Шухратбек Абдурайимов кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда шектүүнүн үстүнөн Жазык кодексинин 138-беренеси (“Ден соолукка оор зыян келтирүү”) менен тергөө жүрүп жатат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>