Сузак районунун 29 жаштагы тургунунун өлтүрө сабап, издөөдө жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматта айтылгандай, 9-мартка караган түнү маркумду 20-25 жаштагы бала ургандан кийин жабырлануучу ооруканадан каза болгон.
Бул кылмышка шектүү катары кикбоксинг менен машыгып, рингге чыгып жүргөн Жалал-Абад шаарынын 22 жаштагы Абдурайимов Шухратбек Бахадрович аттуу тургуну изделип жаткан.
28-май күнү издөөдө жүргөн Шухратбек Абдурайимов кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда шектүүнүн үстүнөн Жазык кодексинин 138-беренеси (“Ден соолукка оор зыян келтирүү”) менен тергөө жүрүп жатат.