Site icon Reporter.kg

Сузакта айыл өкмөттүн имараты күйүп жатат (ВИДЕО)

Жалал-Абад облусундагы Сузак районуна караштуу Сузак айыл өкмөтүнүн имаратында өрт чыкты. Бул маалыматты райондун акими Баратбек Сыдыкназаров «Турмуш» басылмасына тастыктады.

Анын айтымында, өрт кырсыгы бүгүн, 10-октябрда 08:15те имараттын көмүрканасынан чыккан.

Бүт документтер сыртка чыгарылды. Көмүрканадан чыккан өрттөн имараттын 1-кабаты күйгөн. Өрт өчүрүүчүлөр курчоого алып, өчүрүрүлүп жатат.

 

Exit mobile version