Site icon Reporter.kg

Сузакта апасы кыздарын сабады. Атасы милицияга арыз менен кайрылды (видео)

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда апасы кызын бир нече жолу жаакка чаап жиберген. Видео социалдык тармактарга жарыяланды.

Маалым болгондой, окуя Жыгач-Коргон айылында болгон. Аял жергиликтүү мектепте мугалим болуп иштейт.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, атасы милицияга арыз менен кайрылган.

Милициянын маалыматына караганда, 37 жаштагы аял 18 жана 22 жаштагы эки кызын сабап салган. Кайрылуу «Үй-бүлөдөгү зомбулук» беренеси боюнча маалыматтарды каттоо журналына катталган.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Exit mobile version