Site icon Reporter.kg

Сузакта аялын аёсуз кордогон киши 15 күнгө камалды

Сузак райондук соту аялынын мойнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачып кыйнаган кишинин баш коргоо чарасын карады.

Жалал-Абад облустук милициясынын маалыматына караганда, аялын кордогон киши 15 күнгө убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган окуянын үрөй учрган видеосу интернетке тараган. Видео тасмада эркек киши аял кишинин мойнуна таш салынган дөңгөлөк байлап кыйнап жатканын көрүүгө болот.

Облустук милиция окуя  8-июнь күнү саат 11:00дөр чамасында болгонун айтып, шектүү кармалганын маалымдаган.

Exit mobile version