Site icon Reporter.kg

Сузакта эркек киши кошунасынын колун бензопила менен кесип салган

Абдулланын (аты-жөнү редакция тарабынан өзгөртүлдү) кылмыш иши боюнча Сузак райондук соту өкүм чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Ал 2021-жылдын 5-сентябрында саат 12:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Чоко-Дөбө айылындагы көчөдө Салимдин (аты-жөнү редакция тарабынан өзгөртүлгөн) билегин бензопила менен кесип, ден-соолугуна атайылап зыян келтирип, аны оозго алгыс уят сөздөр менен менен тилдеп, ээнбаштык кылган.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, Абдулла жабырлануучу Салимдин саламаттыгына кыска убакытта зыян алып келгени аныкталган.

Абдулланын айтымында, ошол күнү аны кошунасы чакырып, үйүнүн артындагы бактарды алып салууну талап кылган. Ал баш тарткан. Бул учурда Салим жанына келип, экөө уруша кетип, ал кокусунан бензопила менен колун кесип алган. Жабырлануучу менен элдешүүгө аракет кылган, бирок андан майнап чыккан эмес.

Жыйынтыгында сот аны үч жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Сот 1 жыл 6 айга пробациялык көзөмөл колдонуу менен эркинен ажыратуу өкүмүн жокко чыгарды.

Exit mobile version