Site icon Reporter.kg

Сузакта эрте никеге турууну алдын алуу үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, — сүрөт

Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашынча Сузак районунда «Өспүрүм балдардын укугун коргойбуз – эрте никеге жол бербейбиз» аталышындагы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Иш-чарага райондук балдарды коргоо бөлүмү, айыл башчылары, имамдар жана саламаттыкты сактоо мекемелери тартылган.

Иш-чарада учурдагы кырдаалга байланыштуу чакан форматта район тургундары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, эрте никеге туруунун алдын алуу керкетиги айтылган.

Ошондой эле ар бир ата-эне өз балдарынын келечегине кам көрүп, алардын кайда жана эмне иш менен алектенип жатканын тыкыр көзөмөлгө алып туруу зарылдыгы да жеткирилген.

[su_image_carousel source=»media: 39252,39251,39250,39249,39248″ crop=»none» autoplay=»4″]

Exit mobile version