Сузакта иске ууланып каза болгон келиндин 3 баласынын экөө эгиздер болгон

Сузакта иске ууланып каза болгон келиндин 3 баласынын экөө эгиздер болгон

Сузак районуна караштуу Кашка-Терек айылында көмүр исине ууланып каза болгон келиндин 3 баласынын экөө эгиздер болгон. Бул маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы тастыктанын «super.kg» жазды.

Маалыматка караганда, 30 жаштагы А.О. аттуу келиндин иске ууланып каза болгон 3 баласынын экөө 4 жаштагы эгиз балдар болгон. Келин кайын эне, кайын атасы менен чогуу турган. Ал эми улуу баласы 9 жашта болгону белгилүү болду.

“Келиндин кайын эне, кайын аталары бир короодо башка үйүндө болушкан. Эртең менен келини балдары менен жаткан бөлмөнү ачышканда, ушундай окуя болгонуна күбө болушуптур. Келиндин кайын атасы аларды ооруканага алып барганда кеч болуп калган. Маркум келиндин жолдошу 2-3 жылдан бери Орусияда иштечү экен», — деди маалымат катчы.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>