Сузакта күйөө баласы кайын энесине 16 жолу бычак сайып өлтүрдү. Окуянын чоо-жайы

Сузакта күйөө баласы кайын энесине 16 жолу бычак сайып өлтүрдү. Окуянын чоо-жайы

Сузакта өзгөчө мыкаачылык менен кайын энесине 16 жолу бычак сайып өлтүргөн шектүү кылмыш изи сууй электе кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы кабарлады.

Бул үрөй учурган окуя тууралуу кабар милицияга 1-июль күнү саат 08:00 чамасында түшкөн.

Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу 63 жаштагы аял киши колдуу болуп, өз үйүнүн короосунда өлүп жатканын аныкташкан.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар кылмыштардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин  130-беренеси (“Киши өлтүрүү”) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Мындан сырткары каза болгон жарандын 66 жаштагы күйөөсү дагы 3 жолу бычак сайылган жаракат менен аймактык ооруканага жаткырылган. 

Окуя болгон жерди кароо учурунда бычак, атайын көздөрү оюлуп-тилинген шапкадан жасалган беткап сыяктуу буюмдар алынып, аларга карата соттук-биологиялык экспертиза дайындалган.

Бул кылмышка шектүү катары маркумдун 18 жаштагы күйөө баласы жашынып жаткан жеринен кармалып, тергөөгө өткөрүлүп берилген.

Тергөөнүн баштапкы маалыматына караганда, шектүү жаран акыркы 2 айдан бери кызганычтын айынан жубайын тынбай уруп-сабап жаткандыктан аялы ата-энесинин үйүнө келе берген. 29-июнь күнү шектүү аялын алып кетейин деп келгенде кайын энеси кызын кетирбей койгон. Кетип жатып күйө баласы “болбосо өлтүрөмүн” деп коркутуп кеткен.

1-июлга караган түнү саат 00:15 чамаларында атайын шапкадан беткап жасап тагынып алып келген.  “Азыр сүйлөшө албайбыз, күндүзү кел» деп жооп кайтарышканда, ал колундагы бычагы менен жубайынын атасын, андан соң апасын  бир нече жолу сайып оор жаракат келтирген. Жубайын скотч менен колун, оозун байлап күч колдонуп үйүнө алып барып коюп, өзү бекинип жашынып алган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>