Сузакта күйөөсү тарабынан аёосуз сабалган аял жолдошун бошотууну суранууда

Сузакта күйөөсү тарабынан аёосуз сабалган аял жолдошун бошотууну суранууда

Сузак районундагы күйөөсү тарабынан аёосуз сабалган аял жолдошун бошотуу үчүн тосмо арыз жазды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, аял күйөөсүн кечиргенин айткан. Бирок тосмо арыз жазылса дагы тергөө иштери улантылат.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган окуянын үрөй учурган видеосу интернетке тараган. Видео тасмада эркек киши аял кишинин мойнуна таш салынган дөңгөлөк байлап кыйнап жатканын көрүүгө болот.

Облустук милиция окуя 8-июнь күнү саат 11:00дөр чамасында болгонун айтып, шектүү кармалганын маалымдаган.

Сузак райондук соту аялын урган адамды 15 күн камакка алуу чечимин чыгарган. Учурда ал камакта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>