Site icon Reporter.kg

Сузакта катуу жааган жаандан үйлөрдү сел каптады

Сузак районунда катуу жааган жаандын кесепетинен турак үйлөрдү суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришет.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Туу айыл аймагынын Жашасын, Жаңы-Булак айылдарында сел жүрүп, үйлөрдүн короолорун каптады.

Селдин кесепетинен Талаа-Булак жана Көк-Булак айылдарынын ички чарбалык унаа жолуна, көпүрөгө зыян келтирилген. Тактоо үчүн жерине Сузак райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган.

Exit mobile version