Сузакта коронавируска чалдыккан 3 адам үй карантинде жаткан

Сузакта коронавируска чалдыккан 3 адам үй карантинде жаткан

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алган үч адам менен бирге 150 адам ажылыктан учуп келген. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасына өздүк булактар кабарлады.

“12-март күнү Сауд Арабиясынан 150 адам учуп келген. Алар үй карантинге алынган. Оорууну жуктуруп алгандыгы аныкталган 3 адам да ошолордун арасында болгон. Кечээ коронавирус жуктуруп алган адамдардан сурак алган укук коргоо органдары дагы карантинге алынган.”, — деп билдирди өздүк булак.

Ошондой эле өздүк булак ажыдан келгендер  «кеминде 70 адамды чакырып, ажы той өткөргөн» дейт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>