Сузакта мал жана баалуу буюмдарды уурдап жүргөн кылмыштуу топ кармалды

Сузакта мал жана баалуу буюмдарды уурдап жүргөн кылмыштуу топ кармалды

Сузакта мал жана баалуу буюмдарды уурдап жүргөн кылмыштуу топ колго түштү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдерт.

13-ноябрь күнү Сузак районунун 47 жаштагы тургуну милицияга кайрылып,  үйүнүн короосунан базар баасы 150 000 сомдук жылкысын белгисиз кылмышкерлер уурдап кеткендигин билдирген.

Мындан сырткары ноябрь айында 110 000 сомдон ашуун мал жандыктарды, телефон, зер буюмдар, накталай акчаларын белгисиз кылмышкерлерге уурдаткан 8 жарандан арыз түшкөн.

Бул фактылар Жазык кодексинин 200-беренеси (“Уурулук”) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары мурда соттолгон 3 жаран кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алар:

  • Сузак районунун тургуну 1979-ж.т. К.Э “Уурулук” жана “Тоноо” менен соттолгон;
  • Сузак районунун тургуну 1994-ж.т. Б.Ч. “Уурулук” жана “Каракчылык” менен соттолгон;
  • Кара-Суу районунун тургуну 1991-ж.т. С.М. “Каракчылык” менен соттолгон.

Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги териштирилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>