Site icon Reporter.kg

Сузакта милиция кызматкерлери муктаж 20 балага кийим-кечек алып беришти

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда милиция кызматкерлери аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына колдоо көрсөттү. Бул тууралуу облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жардамды Сузак районунун Кызыл-Туу айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жашы жете электер менен иштөө испекциясынын кызматкерлери жасаган. Алар демөөрчүлөрдү таап, алардын колдоосу менен 20 балага мезгилдик кийим-кечектер тапшырылган.

Exit mobile version