Site icon Reporter.kg

Сузакта милиция кызматкерлери пара алып жатканда кармалган видеосу

Кечээ, 21-июнда УКМК жана ИИМ ички иликтөө кызматы менен биргеликте Жалал-Абад облусунун Сузак райондук ИИБ кылмыш иликтөөсүнүн ыкчам кызматкерлери 15 000 сом пара алып жаткан учурунда кармалышты.  Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, К.А.А. жана Э.А.А. аттуу Сузак РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери Сузак районунун жашочусун  кылмыш жообуна тартуу менен коркутуп, жасалма арыз материалдарын жасашып, оң чечим чыгарып беребиз дешип 40 000 сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылышкан, анын 25 000 сомун мурда алышкан.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча УКМКнын Жалал-Абад башкы башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголду.

Кармалгандар УКМК тергөө камак жайына киргизилди. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү иш-чаралар уланууда.

Exit mobile version