Жалал-Абад облусунун Сузак районунда ооз ачарда уулануу 10 күн мурда болгон. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук ооруканадан билдиришти.
Алардын маалыматында, уулануудан кийин 12 адам кайрылып, анын экөө гана ооруканага жаткырылган.
«Алар балык жешкен экен. Окуя 10 күн мурда болгон. Ооруканага кайрылгандар дагы айыгып чыгып кетишти», — дейт жергиликтүү дарыгерлер.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз