Жалал-Абад облусунун Сузак районунда сууга чөгүп кеткен баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Калмак-Кырчын айылындагы Канжыра дарыясына 2015-жылы туулган М.уулу.М. мал айдап баратып Көк-Арт дарыясына агып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
17-майда саат 17:00дө баланын жансыз денесин туугандары менен биргеликте куткаруучулар тарабынан табылып, саат 17:24тө туугандарына өткөрүлүп берилген.