Site icon Reporter.kg

Сузакта жаран кошунасына көчөдө бычак сайып качып кеткен

14-март күнү Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын 47 жаштагы тургуну бычактан алган жаракат менен ооруканага түштү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, аны кошунасы кечки саат 20:00 чамасында көчөгө чакырып, ортодо уруша кетип, ага бычак сайып, окуя болгон жерден кетип калган.

«Адам өлтүрүүгө аракет жасоого» шектелген жаран кыргыз-өзбек чек арасынан кармалды.

Анын баш коргоо чарасы Сузак райондук сотунда каралып, 2 айга камакта калтыруу бөгөт чарасы тандалып алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version