Site icon Reporter.kg

Сузакта зордук-зомбулукка каршы акция өттү

18-мартта Сузак районунун ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында жөө жүрүш болуп өттү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жөө жүрүш Жалал-Абаддын кире беришиндеги Курманбек баатырдын эстелигинен башталып, Сузактын борбордук аянтында жыйынтыкталды. Анда мектепт окуучулары колдоруна ар түрдүү мазмундагы плакаттарды көтөрүп, 2 чакырымдай аралыкты басып өтүшкөн.

Акциянын соңунда мектеп окуучуларына милиция кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Жаш өспүрүмдөргө баңгизаттарын колдонуунун терс жактары, кылмыштуулуктун арты жакшылык менен аяктабай тургандыгы жөнүндө атайын брошюралар таратылганы айтылат.

Exit mobile version