Site icon Reporter.kg

Сузактагы 30 жаштагы келиндин өлүмү. Окуянын чоо-жайы

Жалал-Абад облустук милиция Reporter.kg’ге 30 жаштагы келиндин өлтүрүлүшү боюнча окуянын чоо-жайын айтып берди.

Маалым болгондой, тергөө амалдары учурунда шектүү кылмышты жасаганын мойнуна алып, кылмыш жасаган жерин көрсөткөн. Өзүнүн көрсөтмөсүндө кылмыш ишти кандай жолдор менен жасагандыгы тууралуу айтып берген. Маркум менен шектүү бир айылдан болгон.

«Шектүү аялды зордуктоого аракет кылып, каршылык көрсөтүп, аны таанып койгондон кийин өлтүрүп койгонун айтты. Кылмышты жасаганын мойнуна алды», — деп билдиришти милициядан.

Учурда шектүү эки айга камакка алынган.

Эскерте кетсек, Сузак райондук милициясына 32 жаштагы район тургуну кайрылып, 23-декабрь күнү болжол менен саат 09:00до 30 жаштагы аялы «төркүнүмө барып келемин» деп үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.

Аталган факт каттоого алынып, дайынсыз болуп жаткан келинди издөө иштери башталган.

Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында 25-декабрь күнү саат 12:00 чамаларында Сузак районунун Атабеков айыл аймагындагы камыштын арасынан агып өткөн суунун ичинен, дайынсыз болуп жаткан келиндин жансыз денеси табылган.

Жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүлүп, мойнунда аял кишинин жоолугу оролуп, чачтары жазылган абалда жаткандыгы такталган. Жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын жүрүшүндө жансыз дененин моюн бөлүгүндө муунтулган изи бар экендиги, өлүмүнүн себеби дем ала албай, абанын жетишсиздигинен улам келип чыккандыгы аныкталган.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмыш ишине шектүү катары Сузак районунун 23 жаштагы С.Н. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Аялды муунтуп өлтүрүп, сөөгүн сууга ыргытып салган. Шектүү кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version