Жалал-Абаддын Сузак районундагы №1 Кенжетай балдар бакчасында балдардын тарбиячылар тарабынан сабалышы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Көзөмөл органынын маалыматы боюнча, тарбиячылар балдарга ырайымсыз мамиле жасап, уруп-сабап келген. Бул боюнча ата-энелер бала бакчанын жетекчисине кайрылганына карабай, ал эч кандай чара көрбөй, көңүл кош мамиле жасап койгон.
Андан тышкары бала бакчанын кызматкерлери ата-энелерден мыйзамсыз түрдө акча чогултуп жүргөн.
Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 187-беренеси (баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо), 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 348-беренеси (шалаакылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштерин жүргүзүү Жалал-Абад облустук милициясына тапшырылган.
Эскерте кетсек, буга чейин соцтармактарга Сузактагы №1 Кенжетай балдар бакчасында тарбиячылар балдарды сабап жатканы тартылган видео тараган. Ошондой эле балдар үчүн тамак жасалган ашканадагы санитардык абалдын начардыгы көрсөтүлгөн.