Site icon Reporter.kg

Сузактагы кырсык: Акимиат акциянын датасын телефон аркылуу кабарлап, 2 инспектор гана тартылган

2-майда Сузак районунун Жерге-Тал айылында “Урааным Манас” аттуу маданий иш-чарасы учурунда болгон окуянын келип чыгуу себептерин иликтөөнүн жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Анда иш-чарага райондогу 2 миң 878 окуучу жана 18 мектептин 341 мугалими катышканы, алардын коопсуздугун камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрбөгөндүгү белгиленген.

Комиссиянын сунушу менен  Билим берүү министрлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 21 кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылып, анын ичинен 6 адам ээлеген кызматынан бошотулду.

Эскерте кетсек, 2-майда Сузактын Катмы жайлоосунда «Манас айтуу» боюнча сынак учурунда балдарды Porter тебелеп кеткен. Анда  29 бала жабыркап, 18и ооруканага түштү. Оор абалдагы 10 бала Жалал-Абаддан Бишкекке которулду.

Иш-чара учурунда коопсуздук маселесин өз деӊгээлинде камсыздабай жана алдын алуу иш-чараларын так жүргүзбөгөндүгү үчүн жалпы 12 милиция кызматкери тартиптик жазаларын алышты.

Exit mobile version