Акыйкатчы Атыр Абдырахматова Сузактагы окуя боюнча иликтөө үчүн барганын, таң калыштуу жагдайга туш болгонун Фейсбуктагы баракчасына жазды.
“Жалал-Абад ш шаарына келдим…
Бүгүн, эл аралык балдардын укугун коргоо күнүндө, Сузак районунда мугалим тараптан сабалган 14-жаштагы окуучу кызды ооруканадан “бүттү, айыкты. Ахыбалы жакшы”-деп чыгарып коюшуптур.
Мугалимдин ур-токмогунан кыздын мээси чайкалды, жабык баш мээнин жаракаты, ж.б. ден соолугуна зыян келтирилген деп дарыгерлер өзүлөрү тыянак жазып, 5 күндө кантип айыктырганы таң калтырды.
Ошондуктан бүгүн ыкчам түрдө Жалал-Абад шаарына келдим. Эртең Акыйкатчы макамыбыз алкагында иликтөөбүздү жүргүзөбүз”- деди Абдырахматова.
Мугалим окуучу кызды сабаган. Андан соң видео тарап, коомчулукта чоң резонансты жараткан. Мугалим эскертүү менен ишин кайра уланткан, кыз ооруканага жаткан болчу.