Site icon Reporter.kg

Сузактагы улактан кийин бир оюнчу ооруканага түшүп, төртөө кармалды

Сузак районунун Кыз-Көл айылында 25-январь күнү өткөн улакта 43 жана 20 жаштагы эки жаран сабалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, оюн учурунда аларга 4 киши кол салган. Натыйжада 43 жаштагы жаран денесинен түрдүү жараат алып, Сузак райондук ооруканасына жаткырылган.

Милиция «Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү» айыбы менен иш козгоп, Кыз-Көл айылынын төрт тургунун кармады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version