Site icon Reporter.kg

Сузактык 26 жаштагы ишкер өлкөнүн тышкы карызынан кутулууга 10 млн сом которду

Кыргызстандын тышкы карызын төлөө үчүн, ыктыярдуу негизде акча которууну каалагандар үчүн  ачылган атайын эсепке, 20-январь күнү 11 млн сом которулган. Бул тууралуу Финансы министрлигинен маалымдашты.

Белгиленгендей, 19-январда бир транш аркылуу 10 млн сом каражат которулган. Бул акчаны Умар Мухаммедов аттуу 26 жаштагы жаран которгон.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунан чыккан ишкер Умар Мухаммедов. Ал бул каражатка алгач бала-бакча салууну пландаган, бирок, ал кийинчерээк өлкөнүн тышкы карызын төлөө үчүн которууну чечкен.

Exit mobile version