Site icon Reporter.kg

Сузактын Багыш айылында 375 орундуу мектеп салынат

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Багыш айылында 375 орундуу Т. Арзыкулов атындагы №52 мектеп курулат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Маалыматка караганда, мектепти салууга 148 млн 633,4 миң сом каралган. Анын курулушу келишим түзүлгөндөн кийин 1,5 жыл ичинде бүткөрүлүшү керек.

Сынак боюнча арыздар 22-сентябрга чейин кабыл алынат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version