Бишкек шаарындагы Свердлов жана Биринчи Май округунда кайра шайлоо 27-февралда өтөт. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиянын жыйынында кабыл алынды.
28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо бир мандаттуу Биринчи Май жана Свердлов округдарында «баарына каршы» добушу көп болгон. Мыйзамга ылайык, мындай учурда кайрадан шайлоо өтүшү керек.