Свердлов райондук прокуратурасы менчикке өтүп кеткен жерлерди мэрияга кайтарды

Свердлов райондук прокуратурасы менчикке өтүп кеткен жерлерди мэрияга кайтарды

Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасы шаардык мэриянын балансындагы жеке менчикке өтүп кеткен жер участкаларын муниципалдык менчикке өткөрдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматта айтылагандай, шаардык мэриянын Жеке турак-жай курулуш департаментинин жооптуу кызматкерлери Свердлов райондук администрациясынын токтомдорунун кɵчүрмɵлɵрүн жасалмалап 0,2089 гектр 4 муниципалдык жерди менчикке өткөрүп жиберишкен.

Жеке турак-жай куруу департаментинин кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иштин алкагында жерди муниципалитетке кайтарып алуу боюнча  сотко доо арыз келтирилип, ал канааттандырылган.

Ушундай эле мыйзам бузуу менен Бишкек шаарынын Витебская кɵчɵсүндɵ жайгашкан 0,0678 га жер участкасы менчикке өтүп кеткен.

Натыйжада,  прокурордук актылардын негизинде базар баасы 8 млн 850 миң сомду түзгɵн 0,2767 га жер участкалары муниципалдык органга кайтарылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>