Айтакунов Кубанычбек Маратбекович Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясынын башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.
Белгилей кетсек, буга чейин Свердлов районунун акиминин биринчи орун басарынын кызматын Бекназаров Руслан Азимбекович ээлеп келген.
Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз