А. Изибаев атындагы мамлекеттик цирктин башкы директору Светлана Аширова кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Аширова түзүлгөн эмгек келишимдин мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу 2025-жылдын 23-январынан тартып ээлеген кызматынан бошотулган.