Site icon Reporter.kg

Сыймык Жапыкеев Финполдо тергөөчүлөр жетишсиз экенин айтып, нааразы болду — видео

Бүгүн, 10-декабрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Координациялык кеңешменин жыйыны өтүп жатат.

Жыйында Каржы полициясынын башчысы Сыймык Жапыкеев мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматында тергөөчүлөр жетишсиз болуп жаткандыгына нааразы болду.

Анын айтымында, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын бир тергөөчүсүнө 60-70 иш туура келет.

«Тергөө иштери Башкы прокуратурадан жана Бажыдан алынып салынган, иштер бизге өткөрүлүп берилген, бирок штат көбөйтүлгөн эмес», — деди ал.

Exit mobile version