Сыймык Жапыкеев: Кыргыз Элим каяка баратабыз? Бүт жерде интрига, басмырлоо, бузукулук, жөн үйбүлө да куралбай

Сыймык Жапыкеев: Кыргыз Элим каяка баратабыз? Бүт жерде интрига, басмырлоо, бузукулук, жөн үйбүлө да куралбай

Кыргыз Элим каяка баратабыз? Бүт жерде интрига, ушак, басмырлоо, бузукулук, жөн үйбүлө да куралбай, жөн үйлөнө албай ала качмай, болбой калса өлтүрүп салмай, мас болуп жол кырсыгына кабылмай…. Мындай пикирин Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеев «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Ал Орозо айында колдон келишинче бири-бирибизге жакшы жардам берүүгө чакырды.

«Урматтуу достор, баарыңарды Орозо айы менен куттуктайм, ыйман жүрөгүбүзгө кирсин. Биз негизи эле Кудай колдогон элбиз.

Кыргыз элинен суранып — кайрылат элем, ушул айда колдон келишинче бири бирибизге өзгөчө жардам берелик. Кылмыш кылбайлык, бири бирибизди сабап зомбулук көрсөтпөйлүк. Орозо болбосода зомбулук көрсөтпөсөк. Достор интернетти ачсак эле тиги тигини муунтуп салды, өлтүрүп салды, уй-бүлөлүк зомбулук эле, башка эч нерсе жок. Кыргыз Элим каяка баратабыз? Бүт жерде интрига, ушак, басмырлоо, бузукулук, жөн үй-бүлө да куралбай, жөн үйлөнө албай ала качмай, болбой калса өлтүрүп салмай, мас болуп жол кырсыгына кабылмай. Достор мунун баарын токтотуш керек.

Түшүнөм, пандемия экономикага өтө терс, күчтүү соккуну баарыбызга урду, туристер жок, көп жумуш орундар бош турат. Бирок сабыр кылалык. Кайдыгер болбойлук. Жакшы турмушта келет буюрса», — деп жазган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>