Site icon Reporter.kg

Сүйүнчү! Алибек Осмонов Дүйнө чемпиондугунда коло байге утту

FS 65kg Alibek OSMONOV (KGZ)

Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигинде эркин күрөш боюнча балбан Алибек Осмонов (65 кг) коло байге утту.

Коло байге үчүн күрөштө Алибек Осмонов польшалык Кристоф Биенковский менен кез келип, аны 4:1 эсебинде жеңип алды.

Муну менен Осмонов  Кыргыз курамасына Дүйнө чемпиондугундагы алгачкы медалды алып келди.

Кечээ, 3-октябрдаОсмонов таймашты квалификациялык айлампадан баштаган. Ал 1/16 финалда франциялык балбан Марван Ахмед Йеззаны мөөнөтүнөн мурда жеңген. 1/8 финалда Осмонов бразилиялык балбан менен күч сынашып, аны биринчи бөлүктө 12:2 эсебинде утуп алган.

Ал эми чейрек финалда ал украиналык Василий Шуптар менен күрөшүп, аны 5;3 эсебинде жеңген. Бирок жарым финалда ирандык балбан Амирмохаммад Бабак Йазданичератиге 4:5 эсебинде жеңилип, коло үчүн күрөшө турган болгон.

 

Exit mobile version