Сүлүктү шаарында шахта кулап, 5 адам урандылардын астында калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жерине ӨКМнин жалпы 13 куткаруучусу тартылган.
Куткаруучулар 4 адамды аман-эсен чыгарып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен, ал эми 1 адам куткаруучулар жеткенге чейин өз алдынча шахтадан чыгып кеткен.