Сын-пикирдин президентке таасири, өчүп кайра жүктөлгөн кайрылуу

Сын-пикирдин президентке таасири, өчүп кайра жүктөлгөн кайрылуу

9-июлда президент Сооронбай Жээнбековдун YouTube каналына өлкөдөгү коронавирус эпидемиясына байланыштуу кайрылуусу жарыяланды. 6 миң катталуучусу бар каналда бир нече саатта эле видео 30 миңге чукул каралып, like белгисине караганда dislike көп басылган. Буга көңүл бурган окурмандар бир нече жолу скрин сүрөттөрдү жарыялашкан.

Видеонун астындагы жактырган белгилер 300дөн, ал эми жактырбаган белгилер 4 миңден ашкан соң видео өчүрүлгөн. 10-июлда like/dislike белгилери жашырылып, пикир калтыруу функциясы өчүрүлүп кайрадан жүктөлдү.

Бул интернет колдонуучуларынын талкуусуна айланып, түрдүү пикирлер айтыла баштады. Айрымдар президенттин маалымат кызматынын бул реакциясын сынга алышса башкалары шакабага айлантышты. 

Видеонун эмнеге өчүрүлүп, пикир калтыруу бөлүмү жабылгандыгын  президенттин  маалымат кызматы, видеонун алдында фейктер аймак аралык кастыкты козутууга чакыргандыгы менен түшүндүргөн. 

 “Видео кайрылуу алдындагы туура эмес жазылган билдирүүлөрдүн көп байкалгандыгына байланыштуу өчүрүлдү. Аны менен катар билдирүүлөрдүн басымдуу бөлүгү аймак аралык кастыкты козутууга багытталган. Ошондой эле жарандын ар-намысына шек келтирилген. Билдирүү калтыргандардын көбү өз аты менен кирген эмес, ошондуктан видеону өчүрүп, кайра билдирүү функциясын өчүрүп туруп жүктөөгө туура келди”, — деп айтылат маалымат кызматтын түшүндүрмөсүндө.

Даниел Кадырбеков

Бирок ал жакта dislike белгилери жөнүндө эч нерсе айтылган эмес. Саясат талдоочу Даниел Кадырбеков видеонун өчүрүлүп, пикир калтыруу бөлүмү жабылганын дал ушул dislike белгилеринин көптүгү менен байланыштырат. Ал президенттин басма сөз кызматы өлкө башчысынын калк арасында кадыры аздыгын жашыруу үчүн ушул кадамга барды дейт.
Коомдук пикир президентин рейтинги төмөндүгүн көргөздү. Албетте маалымат кызматы жана президентин тегереги баардыгы жакшы, кыйратып жатабыз деп Жээнбековду вакуумда кармап отурганда, онлайн коомдук пикир чыныгы деңгээлин көргөздү. Албетте маалымат кызматы чоочуп бул кадамга барды го. Андан сырткары, Жээнбеков парламентин колун бурап өзү алып келген өкмөттүн, Абылгазиев жана Бороновдун алсыздыгынын натыйжасы”, — дейт Кадырбеков.

Президенттин кайрылуусуна эмнеге агрессивдүү реакция көп болгондугун дагы бир саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев төмөндөгүдөй чечмеледи.

Алмазбек Акматалиев

Негизи президенттин кайрылуусунда учурдагы кырдаал сонун эле чагылдырылган. Эмне иштер аткарылып жатат, кырдаал кандай,  ынтымакка чакыруу дегендей маанилүү нерселер камтылган. Бирок азыр пандемия шартында эл чындап кыйналууда.  Президенттин кайрылуусуна карата негативдер мына ушул нерсенин жыйынтыгы, таасири. Бирок азыр кыйынчылык бизде эле эмес, дүйнөдө ушундай абал. Башка мамлекеттерде деле  кыйынчылык, аларда да бийликке ачуу сындар айтылууда. Бул нормалдуу эле көрүнүш.  Буга кошумча  азыр шайлоонун алды, саясий өнөктүктөр башталды. Президенттин кайрылуусуна да атайын саясий күчтөр чабуул уюштургандай, элементтер бар”, — дейт Акматалиев.

Мындан сырткары ал азыр интернет аркылуу бийликке басым көрсөтүү аракеттери көп экенин, андыктан дайым эле интернеттин пикирин туура деп эсептөө болбойт дейт. 

“Азыр президент, өкмөт, жергиликтүү бийлик баары ушундай басым алдында иштеп жатат. Бул деле боло турган эле көрүнүш, сын да айтылышы керек.  Бирок азыр интернет саясий куралга да айланып калды.  Андыктан баарына эле кокуй коомдук пикир, фейсбукта, ютубда мындай болуп кетти деп ээрчибей салкын көз караш менен анализ жасап, кандайдыр бир туура чечим болсо, коркпой-үркпөй чечкиндүү кадамдарга барышы керек”, —дейт саясат талдоочу.

Кыргыз интернетинде калп маалыматка каршы күрөш жүргүзүп келе жаткан журналисттердин бири Болот Темиров президенттин маалымат кызматы жөн эле коомчулуктун пикирин кабыл алгысы келбей жатат дейт. 

Болот Темиров

“Президент кайрылуусунда абал кандай экенине гана токтолуп,  маанилүү деле нерсе айтпады. Кырдаалдан чыгуу жолун сунуштаган жок. Эл күткөн нерсени, айтпагандыктан билдирүүсүнө дизлайктар өтө көп болду. Фейктер чабуул кылышты деген шылтоо эле. Азыр элде нааразылык көп, эл вирус менен өзү эле күрөшүп жатат. Маалымат кызматы бул кайрылуу менен президенттен жоопкерчиликти өкмөткө, парламентке оодарууну каалашты эле ишке ашпай калды.  Мындан улам чоочуп кетип өчүрө салышты.  Эгер жакшы иштешсе, нааразы пикирлер, дизлайктар деле болмок эмес”, — дейт Темиров. 

Президент Сооронбай Жээнбеков  9-июлда элге жолдогон кайрылуусунда өлкө үчүн оор кырдаалды биримдик жана жоопкерчилик менен гана жеңүүгө болорун эскертип, оору менен күрөшүп жаткан дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирген. Ошондой эле ал пандемия учурунда кайсы өлкө болбосун, элдин бийликке талабы күчөп жатканын мисал келирип, бул табигый көрүнүш экенин кошумчалаган.

Акыркы бир ай ичинде өлкө аймагында коронавиру кескин күчөп кеткендиктен социалдык тармактарда өкмөткө анын ичинде президенттин дарегинде дагы сын-пикирлер көп айтылган. Ошол эле маалда эпидемиологиялык абалдын начарлап кетишине жарандардын жоопкерчиликсиздиги себеп болуп жатканын да айткандар бар.

Кенжебай Сатканалев
Рубрики: МАКАЛАЛАР , САЯСАТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>