Site icon Reporter.kg

Сүрөттөр сүйлөйт. Көк шиберде эс алган Ташиев менен Жапаров

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасына президент Садыр Жапаров менен түшкөн сүрөтүн жарыялады.

Сүрөт Ысык-Көл облусундагы Каркыра жайлоосунда тартылган. Анда Жапаров жана Ташиев багги тээп, көк шиберде эс алып отурушат.

Президент жана УКМКнын башчысы бүгүн, 23-июлда Каркыра жайлоосунда өткөн Кыргызстандын баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгынын жана Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышкан.

 

 

 

Exit mobile version