Site icon Reporter.kg

Сырт өрөөнүндө турак үйдү суу каптады — сүрөт

Ысык-Көл облусунун сырт өрөөнүндө турак үйдү суу каптады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 15-августта Тоң районуна караштуу Төрт-Күл айыл аймагынын Сырт жайлоосундагы “Жылуу суу” өрөөнүндөгү “Балгарт” суусунун агымына тоодон шагыл көчүп, бир үйдү суу каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Мындан улам Тоң райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн улук офицери лейтенант А.Курманбек уулу, Темир-Канат айылынын айыл башчысы менен биргеликте аталган фактыны такташкан.

Шагылды тазалоо үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан 1 каз тамандуу экскаватор, ӨКМ тарабынан бир “Трал” үлгүсүндөгү  атайын унаа бөлүнүп берилген. Учурда суунун нуугун буру тазалоо иштери жүрүудө.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version