Ишканалар дыйкан-фермерлерден сүт сатып алууда анын баасы майлуулугуна жараша аныкталат. Бул тууралуу Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев билдирди.
Анын айтымында, министрлик сүттүн майлуулугуна жараша бааларыдын жадыбалын түзгөн. Ал тизме сүт иштеткен ар бир ишканада илинип турушу керек. Ошондой эле ал тууралуу элге маалымат берилиши зарыл.